Skip Links

News Item

Төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту

Issued on:
Чыгарылган:
OSCE Programme Office in Bishkek

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту.

Алгач Медербек Алиев Жогорку Кеңеш ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен калыптанган туруктуу кызматташтыкты жогору баалай турганын белгилеп: «ЕККУнун Программалык кеңсеси Жогорку Кеңештин эң ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Мыйзамдуулукту чыңдоо жана парламенттик демократияны өнүктүрүү маселелеринде көрсөтүп келе жаткан эксперттик жана техникалык колдооңуздарды жогору баалайбыз», – деди.

Муну менен катар парламенттик дипломатиянын ролуна токтолгон Төраганын биринчи орун басары ЕККУ жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы менен алакаларды арттыруу өзгөчө мааниге ээ экенин айтып: «Жогорку Кеңештин ЕККУнун Парламенттик ассамблеясындагы делегациясынын жетекчиси катары биздин делегация үчүн Ассамблеянын сессияларына үзгүлтүксүз жана толук кандуу катышуу стратегиялык артыкчылык болуп саналарын белгилеп кетким келет», – деп кошумчалады.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт кеңсенин алдыдагы иш пландары тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңеш менен кызматташууну мындан ары чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Андан тышкары, Фолькер Фробарт Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясында өткөн миграция маселелери боюнча эл аралык форумда (IMRF 2026) Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев тарабынан жасалган баяндамага жогору баа берди. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Жаштар кеңешинин түзүлүшүн колдоп, бул демилге жаштарды мамлекеттик жана коомдук процесстерге кеңири тартууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.


Contacts

Aizada Khalilova

Acting National Press and Public Information Officer

OSCE Programme Office in Bishkek

Office of Head of Mission

Alima Omorova

Press and Public Information Assistant

Office of Head of Mission